ССМ: Бир айда антибиотиктен улам анафилактикалык нес абалдын тогуз учуру катталды

2023-жылдын январь айында Саламаттык сактоо министрлиги антибиотик ичкенден кийин анафилактикалык нес абалга түшкөн тогуз учур катталып, андан улам бир адам каза тапканын билдирди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынын маалыматында айтылат.

Алардын маалыматына ылайык, беш учурда кыйыр таасир дары-дармектерди үй шартында, медайымды үйгө чакыртып, кошунага сайдырып б.а. анамнез албастан, лабораториялык анализдерди тапшырбастан, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүсүз колдонуудан улам келип чыккан.

Мекемеден кыйыр таасир түрдүү өндүрүүчүлөрдүн (Индия, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия жана Орусиянын) цефтриаксонуна карата болгонун кошумчалашты.

Министрликтен анафилактикалык нес абалга түшүүнүн көбөйүү тенденциясы антибиотиктерди көзөмөлсүз, башаламан кабыл алуунун натыйжасы болушу мүмкүн ден белгилешти. Дарыгерлер кыргызстандыктарды өз билемдик менен дарыланбоого чакырышты.

«Анафилактикалык шоктун өнүгүү ылдамдыгын жана дары-дармек жана аллергологиялык анамнезди көңүл тышында калтыруу фактыларын эске алуу менен дары-каражатын ийне аркылуу саюу дарыгердин көзөмөлү астында жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарылоо бөлмөлөрүндө гана жүргүзүлүшү керек!» — деп белгилешти мекемеден.

2022-жылы Кыргызстанда антибиотиктерди кабыл алгандан кийин бейтаптар анафилактикалык нес абалга түшкөн 10 учур катталган, алардын төртү өлүм менен аяктаган. Врачтардын маалыматына ылайык, алардын көпчүлүгү дары-дармекти үй шартында кабыл алуудан улам болгон.