Жарандар салык декларациясын тапшыруу үчүн салык төлөөчүнүн жаңы кабинетин ачтырышы керек

Кыргызстанда 30-январдан тартып 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы башталды.

Ал эки этап менен өтөт:

  • 1-апрелге чейин декларацияны юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тапшырышы керек.
  • 1-майга чейин Бирдиктүү салык декларациясын жеке ишкерлер жана жеке жактар тапшырышы керек.

Кээ бир жарандарда декларацияларды онлайн тапшырып жатканда түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн — анткени Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясынын формасын салык төлөөчүлөрдүн жаңы электрондук кабинетине көчүргөн.

Кайсыл жаңы кабинет?

Салык төлөөчүнүн кабинети — бул Кыргызстандын жарандары декларация жана башка зарыл отчётторду тапшырган онлайн сервис.

Ага кирүү үчүн салык кызматынын бөлүмдөрүнө барып, тиешелүү арызды жазуу керек, андан соң сизге сервиске кирүү үчүн логин жана сыр сөз берилет. Эгер сизде мурда эле салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгү бар болсо дагы бул Салык кызматы жакында эле иштеп чыккан жаңы кабинетке кирүүгө мүмкүн дегендик эмес. Ооба, баш айлантышы мүмкүн, бирок жаңы кабинетке кирүүгө мүмкүнчүлүк алмайын Бирдиктүү салык декларациясын тапшыра албайсыз.

Аны алуу үчүн кайрадан салык кызматынын бөлүмүнө барып арыз жазып, салык төлөөчүнүн кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк алышыңыз керек же болбосо, эгер электрондук булут кол тамгаңыз болсо, ошол аркылуу кирсеңиз болот.

Декларацияны кантип тапшыруу керек?

Салык кызматынын басма сөз кызматынан «Клоопко» салык төлөөчүнүн жаңы кабинетинде декларация тапшыруу жөнөкөйлөтүлүп жана жакшыртылганын айтышты. Мисалы, декларациядагы айрым маалыматтарды система өзү толтурат, себеби ал башка мамлекеттик органдардын базасы менен туташтырылган.

Жаңы кабинетте декларация бир басканда эле, кошумча тастыктоосуз жиберилерин эске алуу керек. Ошондой эле жаңы кабинетте толтурулган Бирдиктүү салык декларациясын толтурулган соң алдын ала карап чыгуу функциясы жок.

Бул отчётторго да тиешелүү болобу?

Салык кызматынан убакыттын өтүшү менен бардык салык отчёттору салык төлөөчүнүн жаңы кабинетине көчүрүлөрүн айтышууда. Азырынча ал жерде отчёттордун бир бөлүгү гана бар. Салык төлөөчүнүн эски кабинетинде калган отчёттор, мисалы 161-форманы, мурдагыдай эле тапшырса болот. Жаңы кабинеттин презентациясы жакын арада болору дагы айтылды.