Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ЖМКнын үстүнөн даттанган арыз ээлерин маалыматтын анык эместигин далилдөөгө милдеттендирүүнү сунуштады. Ал сунушун «Кыргыз Республикасындагы ЖМКга жана сөз эркиндигине басым: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын иш жүзүндө колдонулушу» деп аталган тегерек столдо айтты.
Акаев «Азаттыктын» веб-сайтынын бөгөттөлгөнүн мисал келтирди. Анын айтымында, «Азаттыктын» материалында такталбаган маалымат бар деп эч кимден арыз түшкөн эмес, анткен менен Маданият министрлиги өзү эле алардын сайтын бөгөттөөнү чечкен.
«Бизден сөз эркиндиги боюнча алда канча артта деген кошуна өлкөлөрдө дагы Маданият министрлиги өзү билип эле баланча сайт жабылсын деп чечим чыгарып коё албайт. Бизде гана ушундай катачылык кеткен да», — деди Акаев.
Депутат ЖМКдан анык эмес маалыматты 24 сааттын ичинде өчүрүү талабын алып салууну дагы сунуштады. Анын айтымында, 24 сааттын ичинде даттануу түшкөнү тууралуу кат дарегине жетпей калышы мүмкүн жана сайттын ээси ага чара көргөнгө үлгүрбөй калышы мүмкүн. Анын ордуна Акаев арызды карап чыгуу үчүн редакцияларга үч күндүк убакыт берүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, депутат ЖМК арыз боюнча сотто даттана жана соттук териштирүү маалында сайттын бөгөттөөсүн токтотуп турган ченемди киргизүүнү сунуштады.
«Азаттыктын» бөгөттөлүшү
2022-жылдын октябрь айында «Азаттык» үналгысынын сайты эки айга бөгөттөлгөн. Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Кийин «Азаттыктын» сайты бөгөттөөгө себеп болгон материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон.
Яндарда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган. Министрлик арыз жазууга «Азаттык» талаштуу материалды өчүрбөй жатканы себеп болгонун көрсөткөн.
Маданият министрлигинин «Азаттыктын» үстүнөн жазган доо арызы боюнча сот отуруму 9-февралда Бишкектин Ленин райсотунда өтөт.
Мындан сырткары, бийлик «Клооптун» сайтын дагы бөгөттөөгө аракет кылган, алар редакцияга жиберген катында АРИС тууралуу макалада «анык эмес (жалган) маалымат» камтылган дешкен. Бирок АРИС кайра «Клооптун» үстүнөн жазган арызын кайтарып алган.
Фейк делген кабарлар үчүн ЖМКга карата даттануулар 2021-жылдын августунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынгандан кийин башталган. Көзкарандысыз юристтер мыйзамды сындап, ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укуктарын «одоно» бузуп, интернетте мамлекеттик цензураны орнотот деп айтышкан.