Маданият министрлиги «Азаттыктын» ишин токтотууну өтүнүп сотко кайрылды

Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу министрликтин маалымкатына таянып басылма өзү билдирди.

Министрлик сотко жазган арызында «Азаттык» 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал тууралуу видеоматериалды өчүрө электигин жана ал соцтүйүндөрдө таркап жатканын көрсөткөн.

«Азаттык Медианын» аракети, арыз ээлеринин пикиринде, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген талаптарына каршы келет.

«Азаттык» сайтынын бөгөттөлүшү

«Азаттык» үналгысынын сайты 26-октябрда эки айга бөгөттөлгөн. Мындай чечимди Маданият министрлиги кабыл алган.

Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Сайт «Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык бөгөттөлгөн. Аталган мыйзам фейктер тууралуу мыйзамы катары белгилүү. Кийин «Азаттыктын» сайты бөгөттөөгө себеп болгон материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон.

Ведомстводон «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалы себеп болгонун билдиришкен.

Маданият министрлиги сюжетте «кастык тилинин элементтери, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар колдонулган» деп эсептейт.

Андан кийин DemirBank коммерциялык банкы УКМКнын талабы менен сот чечимисиз эле «Азаттык Медианын» аталган банктагы эсебин бөгөттөгөн. Банктан эсеп акчаны адалдаштыруу жөнүндө мыйзамынын негизинде бөгөттөлгөнүн билдиришкен.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.

ЖМКнын өзүн президент Садыр Жапаров бир канча жолу сындаган — өлкө башчысы басылма анын сөздөрүн бурмалайт деп эсептейт. Жапаров «Азаттыктын» Баткендеги куралдуу кагылышты чагылдырганына да реакция кылган. Президент «Азаттык» бул окуяны Кыргызстан Тажикстанга биринчи кол салды деп жазып, туура эмес чагылдырган деп нааразы болгон.

Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Human Rights Watch кыргыз бийлигине кайрылып, «Азаттыктан» чектөөнү алууну талап кылышкан.

Мэдиаэксперттердин пикиринде, «Азаттыктын» сайтын бөгөттөө — бийликтин көзкарандысыз ЖМКга басымы. Алар бийликтин бул сыяктуу басымы басым улана берет деп эсептешет.