ТИМ Түркиядагы зилзалада бир кыргызстандык жабыркаганын айтты

Түркиянын Адана шаарында жер титирөөдөн бир кыргыз жараны жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 39 жаштагы кыргызстандыкка керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Ушул тапта абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарылды.

Ошондой эле, ТИМ Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата жер титирөөдөн каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок экенин белгиледи.

Ал эми Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы 10 кыргыз жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан түрүндө жардам көрсөтүлгөн. Учурда аларга ысык тамак берилип, коопсуз жерге жайгаштырылды.

Ошондой эле элчилик жаратылыш кырсыгы катталган аймактардагы кыргыз жарандары үчүн байланышуу жолдорун сунуштады.

«Түркияда жүргөн Кыргызстандын көптөгөн жарандары элчиликте жана консулдук мекемелерде каттоодо турбагандыгына байланыштуу, жер титирөө болгон Кахраманмараш, Хатай, Османийе, Адыяман, Диярбакыр, Шанлыурфа, Газиантеп, Килис, Адана, Малатья, Газиантеп, Мерсин аймактарындагы кыргызстандыктарды өздөрүнүн жана туугандарынын маалыматтарын жана телефон номерлерин кабарлоо үчүн номерлерди сунуштайбыз», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугу:

+90 546 5570471, +90 534 8388551;

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу:

+90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти: +996 999 312002.