Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын 2022-жылдагы мыкты спортчусу деп табылды

Жоламан Шаршенбеков. Сүрөт: Бириккен күрөш дүйнөсү.

Дене тарбия жана спорт департаменти балбан Жоламан Шаршенбековду олимпиадалык спорттун түрү боюнча 2022-жылдын мыкты спортчусу деп тапты.

Маалыматка ылайык, балбан өткөн жылы Кыргызстандын атынан алты турнирге катышып, алты медаль жеңген.

Ал Азия жана Дүндө чемпиону болуп, Түркияда өткөн Ислам шериктештиги оюндарында жеңүүчү аталган. Балбан Wladyslaw Pytlasinski Cup мелдешинде күмүш, ал эми Dan Kolov — Nikola Petrov Tournament жана Turlykhanov Cup рейтингдик турниринде коло медаль жеңген.

Бул көрсөткүч менен болбон 55 миң упай топтоп, Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) грек-рим күрөшү боюнча рейтингинин сап башына чыккан. Ошондой эле ал дүнөдө грек-рим күрөшү боюнча 2022-жылдын мыкты спортчусу деп таанылган.

Жоламан Шаршенбеков азыркы учурда 23 жашта. Бириккен күрөш дүйнөсү аны 2022-жылдын «Тарых жаратуучусу» деп атаган. Ал эми 4-февралда Шаршенбеков «Даңк» ордени менен сыйланган.

Автору: Айгерим Бекбосун кызы.

Тема боюнча:

Акылбек Жапаров 2022-жылдагы мыкты спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды