Акылбек Жапаров 2022-жылдагы мыкты спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков баштаган спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада Жапаров, улуттук команданын жетишкендиктери дүйнөлүк спорттун тарыхында өз изин калтырганын белгиледи.

«2022-жыл кыргыз спорту үчүн ийгиликтердин жана жеңиштердин жылы болду десем жаңылышпайм. Мамлекет спорт тармагын колдоого жана каржылоого бардык күч-аракетин жумшады. Биздин сыймыктуу жана кайраттуу спортчуларыбыздын жеңишке жетүүдөгү майтарылбас эрки жалпыбыз үчүн бир гана алга умтулууга стимул болуп калды»,— деди ал.

«Даңк» ордени менен балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев жана олимпиада медалынын ээси Канат Бегалиев сыйланды.

Ал эми «Даңк» медалы самбо, грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук кураманын мүчөлөрүнө, машыктыруучуларына тапшырылды.

«Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» наамы рек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын улук машыктыруучусу Улукбек Карачолоковго жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевге ыйгарылды. Ушундай эле наамга дзюдо боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусов ээ болду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча «Азиянын 2022-жылдагы эң мыкты балбаны» деп табылды

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков UWW’нын рейтингинин сап башына чыкты

Бириккен күрөш дүйнөсү Махмудов менен Шаршенбековду 2022-жылдын «Тарых жаратуучулары» деп тапты