Жалал-Абад: Ишкер бала төрт шериги менен кардарларды карактоого шектелип кармалды

Жалал-Абад шаарында боулинг ойноочу жерди иштеткен бала төрт шериги менен кардарларды карактоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди .

Маалыматка ылайык, Базар-Коргондун 19-20 жаштагы төрт тургуну Жалал-Абад шаарындагы боулиг ойноочу жерди иштеткен балага жана шериктерине чара көрүүнү өтүнүп, милицияга кайрылган.

«Балдар ойноп жаткан учурда ошол жерди иштеткен Сыймык атуу бала шериктери менен аларды уруп, тепкилешип, бычак такап коркутушуп, жалпы наркы 50 миң сомдук үч телефонун, 2 400 сомун жана спорттук кийимдерин алып коюшкан», — деп айтылат милициянын билдирүүдө.

Жалал-Абад ОИИБи бул боюнча «Каракчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү кармаган. Алар Талды-Булак жана Акман айылынын 20, 23 жаштагы тургундары экени белгилүү болду.

Ал эми 3-февралда шаардык сот шектүүлөрдү 13-февралга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизди. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 28-январда Жалал-Абадда карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалган. Ала-Бука районунун тургуну шектүүлөр аны курал жана бычак менен коркутуп, 50 миң сомун тартып алганын айтып берген.

Бул боюнча «Алдамчылык» беренеси менен иш козголуп, «Турар» жана «Айбек» аттуу эки жаран кармалган. Үйлөрүн тинтүү учурунда бир нече бычак жана курал-жарак табылган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Москвада мекендештерин уурдап, акча талап кылган кыргызстандыктар кармалды

Жалал-Абад: Ишкерлерден акча опузалап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды