Жалал-Абадда каракчылыкка жана алдамчылыкка шектелген кишилер кармалды

28-январда Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, милицияга Ала-Бука районунун тургуну арыз менен кайрылып, аны ок атуучу курал жана бычак менен коркутуп, акчасын тартып алган адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранган.

Жабырлануучунун айтымында, белгисиз жарандар аны чакырып унаасына отургузуп, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын жайлоосуна алып чыгышкан. Аны унаадан түшүрүп, бычак менен шилтеп коркутушуп, оң колунун чыканагынын үстүн тилип, тапанча менен бутунун астына атып, 50 миң сомун күчкө салып тартып алышкан.

Бул факты боюнча «Каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Ошондой эле 2022-жылдын апрелинде милицияга дагы бир жаран кайрылган. Ал да «Айбек», «Турар» аттуу кишилерге унаасын 900 миң сомго сатып, алар 250 миң сом карыз болгонун. Аны бербей жүрүп, унааны өздөрүнө каттап алууга аракет кылганын, ал ишке ашпаган соң такай андан акча алып турганын айткан.

Аталган арыздын негизинде «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү «Турар» жана «Айбек» аттуу жарандар кармалып, үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Анда биринчи шектүүнүн үйүнөн 2 даана бычак, 1 даана колго жасалган ок атуучу тапанчага окшогон курал, 1 даана үн басаңдаткычка (глушитель) окшогон темир, 1 даана темир дубинка жана 2 даана «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча, 4 даана ок табылып алынган.

Мындан сырткары, анын шериги 31 жаштагы мурда соттолгон шектүүнүн «БМВ» үлгүсүндөгү унаасынан бир даана күмүш түстөгү колго жасалган бычак табылган.

Учурда шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Баш коргоо чарасы бүгүн, 30-январда аныкталат. Иликтөө иштери уланып жатат.

Автору: Аида Турсуналиева

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Москвада мекендештерин уурдап, акча талап кылган кыргызстандыктар кармалды

Жалал-Абад: Ишкерлерден акча опузалап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды