Жалал-Абад: Ишкерлерден акча опузалап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда ишкерлерден акча опузалап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 15-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргондогу Кызыл-Ай айылында туулган 25 жаштагы шектүү жергиликтүү ишкерлерге күч колдонуп, бир миллион сом жана башка керектүү материалдык каражаттарды талап кылып жүргөн.

Териштирүүдө шектүү Сай айылындагы жер тилкелерин басып алып, 20 сотых жерге мал сарай жана үй куруп алганы белгилүү болду.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Кочкор районунда аксакалдарды коркутуп, 100 гектардан ашык жерди мыйзамсыз басып алууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган.

Шектүү буга чейин Кочкор РИИБнин жетекчилиги жаап-жашырган, кафенин ээсин коркутуп акча талап кылган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экени кабарланган.

26-декабрда бул иш боюнча Нарын облусу боюнча 22 милиция кызматкери жазаланган болчу.

Тема боюнча:

Кочкор: Аксакалдарды коркуткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашыруу: Нарында 22 милиция кызматкери жазаланды