ИИМ: Москвада мекендештерин уурдап, акча талап кылган кыргызстандыктар кармалды

Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык мекендештерин уурдап, акча опузалаган уюшкан кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 18-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр 11-январда кыргыз жаранын унаага отургузуп, сабап, акчасын жана буюмдарын тартып алышкан. Андан соң «өлтүрөбүз» деп коркутуп 100 миң рубль талап кылышкан.

Бул факты полициянын Москва шаарындагы Бибирево райондук бөлүмүнө каттого алынып, «Адам уурдоо» беренеси менен иш козголгон.

Кийинчерээк ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана Орусиянын полициясы 4 шектүүнү кармаган. Алар: Базар-Коргон районунун 30 жаштагы эки тургуну — бири «Аза большой» каймана аты менен белгилүү, Лейлек районунун 34 жаштагы жана Таластын 24 жаштагы тургундары.

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: ИИМ.

Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда шектүүлөрдүн биринен тапанча жана бычак табылган.

ИИМ бул окуя Орусиядагы кыргызстандыктарга кол салуу болгон алгачкы учур эмес экенин белгилеп, ушундай жагдайга туш болгон мекендештерден +7 926 890-87-00 номерине кайрылууну өтүндү. Купуялуулукка кепилдик берилет.

Өткөн жылдын декабрь айында дагы Москвадагы кыргызстандык мекендештерин коркутуп, акча опузалаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган болчу.

Учурда Орусияда 985 кыргызстандык кылмыш жоокерчилигине тартылып, жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 30% маңзат ташууга байланыштуу.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын биринчи жарымында Орусияга 438,2 миң кыргызстандык кирген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 53,3 миңге көп экени айтылган.

Тема боюнча:

ИИМ: Москва шаарында мекендештеринен акча опузалаган кыргызстандыктар кармалды