Кара-Сууда Өзбекстан менен байланыштырган жер астындагы жашыруун жол табылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы үйлөрдүн биринен Өзбекстан менен байланыштырган узундугу 200 метрлик жер астындагы жашыруун жол табылды. Бул тууралуу 10-февралда УКМКнын Чек-ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер астындагы өтмөктүн бийиктиги 1,5 метр болсо, туурасы 80 сантиметр. Ал Түштүк Фергана каналынан өтүп, коңшу өлкөдөгү айылдардын биринен чыгары аныкталды.

Жер астындагы жашыруун жол. Сүрөт: Чек ара кызматы.

Бул боюнча УКМК жана Чек ара кызматы тиешелүү чараларды көрүүдө. Тоннель эмне максатта колдонулуп келгени боюнча дагы аныктоо иштери жүрүп жатат.

Өткөн жылы да Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган төрт жер астындагы жарышуун жол табылган. Алардын көпчүлүгү азык-түлүк, курал-жарак, акча жана баңгизатты мыйзамсыз ташуу, ошондой эле мыйзамсыз миграция үчүн колдонулуп келгени аныкталган.

Биринчиси май айында Телман айылында табылган. Анын тереңдиги 15 метр, жалпы узундугу 270 метр экени аныкталган. Экинчиси июнь айынын башында табылган, тереңдиги 17,5 метр, узундугу 155 метр экени айтылган.

Ал эми үчүнчүсү июндун ортосунда Оштун Кара-Суу шаарында табылса, төртүнчүсү июндун аягында Кадамжай районуна караштуу Кайтпас айылындагы үйлөрдүн биринен табылган.

Автору: Айзада Кубанычбекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Төртүнчү жашыруун тоннель. Баткенде Өзбекстан менен байланыштырган жер астындагы жол табылды