Видео: Кара-Сууда Өзбекстан менен байланыштырган экинчи жашыруун тоннель табылды

4-июнда Ош облусунун Кара-Суу шаарында Өзбекстан менен байланыштырган жер астындагы дагы бир жашыруун жол табылды.

УКМКнын маалыматына караганда, тоннелдин тереңдиги 17,5 метр, узундугу 155 метрге жакын. Кире бериши 1,80 метр, ал эми туурасы 70-80 сантиметрди түзөт.

УКМКдан жашыруун жол аткезчиликке каршы комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө табылганын белгилешти.

«Учурда аталган жер астындагы өтмөктү пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатат», — дешти атайын кызматтан.

20-майда Кара-Суу районундагы Телман айылынын тургунунун үйүндө коңшу өлкө менен байланыштырган ушундай эле жашыруун жол табылган.

Анын тереңдиги 15 метр, кире бериши 1,8 туурасы 1,5 метрге жакын экени айтылган. Кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, жалпы узундугу 270 метрди түзгөн.

УКМК тараткан видеодо тоннелдин ичинен колго жасалган арабаны, суюктук өтүүчү шлангды жана электр зымдарын көрүүгө болгон.

Атайын кызматтан жер астындагы жол табылган аймактын ээси учурда Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканада жататканын, акыл-эсинин жайында экенин текшерүү үчүн кайрадан экспертиза дайындоо пландаштырылып жатканын белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Оштогу кыргыз-өзбек чек арасында 270 метрлик жер астындагы жашыруун жол табылды