Төртүнчү жашыруун тоннель. Баткенде Өзбекстан менен байланыштырган жер астындагы жол табылды

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кайтпас айылындагы үйлөрдүн биринен Өзбекстан менен байланыштырган жер астындагы жашыруун жол табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, тоннелдин туурасы 1,5 метр болсо, бийиктиги 2,1 метр. Ал эми Кыргызстандан Өзбекстандын чек арасына чейинки узундугу 60 метрди түзөт.

Тергөөнүн жүрүшүндө тоннель азык-түлүк, курал-жарак, ок-дарыларды, накталай акча жана баңгизатты мыйзмсыз ташуу, ошондой эле мыйзамсыз миграция үчүн колдонулуп келгени аныкталды.

Ал эми үйдүн кожоюну Ош облусунун У.С.И. аттуу тургуну экени белгилүү болду. Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Ушуну менен Кыргызстанды Өзбекстан менен байланыштырган төртүнчү тоннель табылды. Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда үч жер астындагы өтмөк табылган.

Биринчиси 20-майда Телман айылында табылган. Анын тереңдиги 15 метр, жалпы узундугу 270 метр экени аныкталган. Экинчиси 4-июнда табылган, тереңдиги 17,5 метр, узундугу 155 метр экени айтылган.

Ал эми үчүнчүсү 13-июнда табылып, өтмөк чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында казылганы белгилүү болгон.

Тема боюнча:

Видео: Кара-Сууда Өзбекстан менен байланыштырган экинчи жашыруун тоннель табылды

УКМК: Оштогу кыргыз-өзбек чек арасында 270 метрлик жер астындагы жашыруун жол табылды

«Чет элдик валюта алып өтүүнү көздөгөн». Кара-Сууда үчүнчү тоннель табылды