«Чет элдик валюта алып өтүүнү көздөгөн». Кара-Сууда үчүнчү тоннель табылды

Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринде Өзбекстан менен байланыштырган жер астындагы үчүнчү жашыруун жол табылды. Бул тууралуу 13-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, эки өлкөнү байланыштырган жер астындагы тоннель бар экени 11-июнда атайын тинтүү учурунда аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө тоннелди эки өлкөнүн жараны чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында казышканы белгилүү болгон.

«Кыргызстандык М.И.М. аттуу киши 2014-жылдан бери тааныш болгон өзбекстандындык “Рустам” аттуу киши менен 2021-жылдын сентябрь айында кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эл керектөөчү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында тоннелди казышкан», — дешти атайын кызматтан.

УКМКдан билдиришкендей, шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен иштешүүгө даяр экенин билдирген.

Кара-Сууда ушуну менен эки өлкөнү байланыштырган үчүнчү жер астындагы өтмөк табылууда. Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 4-июнда ушул эле райондо тереңдиги 17,5 метр, узундугу 155 метрге тоннель табылган.

Ал эми 20-майда Кара-Суу районундагы Телман айылынын тургунунун үйүндө коңшу өлкө менен байланыштырган экинчи жашыруун жол аныкталган.

Анын тереңдиги 15 метр, кире бериши 1,8 туурасы 1,5 метрге жакын экени айтылган. Кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, жалпы узундугу 270 метрди түзгөн.

УКМК тараткан видеодо тоннелдин ичинен колго жасалган арабаны, суюктук өтүүчү шлангды жана электр зымдарын көрүүгө болгон.