Новосибирскте үйлөрдүн биринде газ жарылып эки кыргызстандык жабыркады

Новосибирсктеги газ жарылган үй. Сүрөт: Орусиянын ӨКМи.

Новосибирскте турак үйдө газ жарылып, эки кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу кыргыз ТИМи билдирди.

Тышкы саясий ведомствосунун маалыматына ылайык, газ 9-февраль күнү эртең менен беш кабаттуу үйдө жарылган. Жабыркагандардын арасында 1978-жылы туулган аял жана 1993-жылкы жигит бар.

Жабыркаган жигиттин абалы орто оор деп бааланууда, ал газдан чыккан иске ууланып калган. Ал Новосибирсктин шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми аялдын омурткасы сынып, операция жасоо үчүн Новосибирсктин травматология илимий-изилдөө институтуна жеткирилген.

ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, жарылуудан кийин урандылардын алдынан ӨКМ кызматкерлери 14 жабырлануучуну алып чыгышкан. Ал эми РИА Новости жарылуудан 13 киши каза тапканын билдирди.