Ош: Жылуулук берүүдө авария болуп, кайрадан калыбына келтирилди

Ош шаарындагы жылуулук электр борборунда авария болуп, жылуулук берүү кайра калыбына келтирилди. Бул тууралуу 9-февралда «Клоопко» Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Буга чейин соцтармактарда Ош шаарындагы жылуулук электр борборунун түтүгүнөн кара түтүн чыгып жатканы тууралуу видео тараган. Анда түтүктөн коюу кара түтүн чыгып жатканы тартылган.

«Бул убактылуу көрүнүш болгон. Табигый газдын басымынын кескин төмөндөп кеткенине байланыштуу шаарга жылуулук берүүчү тармактык суунун температурасын кармап туруу максатында мазут майды кошумча күйгүзүүгө өткөрүлгөн. Майды күйгүзгөндө кыска мөөнөттүү бөлүнүп чыгуулар ишке ашкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Аны менен катар учурда жылуулук электр борборунда абал туруктуу экени белгиленди.

Майлуу-Суудагы авария

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 13-январда, Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаары ызгаарда жылуулуксуз жана суусуз калган, мындан улам өзгөчө абал режими киргизилген.

Анда ӨКМ 12-январда катуу сууктан улам таза суу жана жылуулук берүү системасы үзгүлтүккө учурап, анын кесепетинен таза суу сактоочу жайдын түтүктөрү тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөп кеткенин билдирген. Шаарда жалпысынан 1800 үй таза суусуз жана жылуулуксуз калган.

Ведомство 14-январда суу тосмо булактын суусу менен толтурулуп, №1 жылытуу мешине коё берилгенин билдирген. Жыйынтыгында, тургундарга жылуулук бериле баштаган. Бул аварияга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

15-январда шаар тургундары пайда болгон кырдаалга байланыштуу митингге чыгып, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Анда тургундар жергиликтүү бийлик кырдаалга байланыштуу «жалган маалымат» таратып жатканына наарызычылык билдиришкен.

ӨКМ кызматкерлери тоңуп калган суу түтүктөрүн эритүү үчүн дөңгөлөктөрдү жагышкан.

Кийинчерээк шаар тургундары 31-январда «Клоопко» жылуу суу бериле баштагандан тарта жарылган түтүктөрдөн улам суу каптап, үйлөрүн жараксыз абалга келтиргенин айтышкан. Буга байланыштуу шаардын мэри Нурланбек Умаров бийлик жабыр тарткан тургундардын чыгымдарын төлөп берээрин убадалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ӨКМ: Майлуу-Сууда жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Майлуу-Суу: Үйлөрдөгү түтүктөр жарылып, бийлик чыгымды төлөп берүүнү убадалады