Ош: Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга жардам чогултуу үчүн эки пункт ачылды

10-февралда Ош шаарында Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам чогултуу максатында эки пункт ишке кирди. Бул тууралуу «Клоопко» ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам чогултуу пункттары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы жана ыктыярчылар тарабынан түзүлгөн.

«Азырынча ушул убакытка чейин эч кандай гуманитардык жардам түшө элек. Ал жерге негизинен суук аба-ырайына байланыштуу жылуу кийим-кече, балдардын кийимдери, гигиеналык каражаттар, повер банк, матрас, жылуу төшөктөрдү алып келүүгө болот. Биз азырынча көбүрөөк жаш балдардын кийимдерине басым жасап жатабыз», — деп билдиришти министрликтен.

Мындан сырткары учурда Ош драма театрында, облустук филармонияда жана «Семетей» кинотеатрынынын алдында жардам чогултуу пункттарын ачуу пландалып жатканы кошумчаланды.

Ал эми Ош шаардык жаштар комитетинин колдоосу менен түзүлгөн элдик штабдан «Клоопко» учурда шаар тургундарынан гуманитардык жардамдар келе баштаганын маалымдашты.

Гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары:

  • А. Масалиев көчөсү, 3;

Байланыш номуру: 0558 800 112;

Иштөө убактысы: Күнү-түнү.

  • Ош шаарынын борбордук аянтындагы элдик штаб.

Байланыш номуру: 0554 11 28 47, 0556 26 26 05, 0770 75 80 80.

Иштөө убактысы: 09:00-18:00.

ТЕМА БОЮНЧА:

Түркиядагы зилзала: Кыргыз бийлиги көмөк көрсөтүүнү каалагандарга атайын эсеп ачты

Кыргызстан Түркияга 100 боз үй жана 100 куткаруучу жиберет

ИИМ Түркиядагы зилзалада жабыркагандарга 3 тонна гумжардам жөнөттү