ИИМ Түркиядагы зилзалада жабыркагандарга 3 тонна гумжардам жөнөттү

Ички иштер министрлиги Түркиядагы зилзалада жабыркаган тургундарга жардам катары үч тоннага чукул гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр Улан Ниязбеков жер титирөөдө каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

«Түркиядагы табигый кырсыкты — жер титирөөнү, анын кесепетинен көптөгөн жарандардын каза болгону жана жабыр тартканы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. [...] Жараткан жалпы Түркиянын элине сабырдуулук, кайраттуулук, чыдамкайлык берип, ылайым тынчтык өкүм сүрүп, кайгылуу окуялардан алыс кылсын», — деди Ниязбеков.

Ички иштер министрлиги гуманитардык жардам катары жууркан, уктоочу мүшөктөрдү, төшөнчү, чатыр жана жылыткычтарды тапшырды.

«Түрк элине мүнөздүү болгон күч жана туруктуулук аларга оор сыноолорду жеңүүгө жардам берсин, биз аларга колдон келген жардамды көрсөтүүгө даярбыз», — деди министр.

Түркия жана Сириядагы зилзала

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (AFAD) 9-февралга карата расмий маалыматына ылайык, зилзала 17 миң 134 адамдын өмүрүн алып, 70 миң 347 киши жарадар болгон.

Ал эми Сирияда каза болгондордун саны 3162ге жеткени жана 5235 киши жабыр тартканы кабарланат. Каза болгондор тууралуу маалымат дагы да такталууда.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга буюмдардын тизмесин түзгөн.

Аны менен катар Кыргызстан Түркияга жардамга ӨКМдин 67 куткаруучусун жөнөткөн. 9-февралда ӨКМ кыргыз куткаруучулары урандылардын астынан 19 кишинин сөөгүн алып чыгышканын билдирген.

Ошондой эле Кыргызстан Түркияга жардам көрсөтүү максатында кошумча 100 куткаруучу, эки үйрөтүлгөн ит, гуманитардык жардам жана 100 боз үй жиберери маалым болгон.

Буга чейин кырсыктан Түркиянын Адана шаарында жашаган бир кыргыз жараны жабыркаганы айтылган. Маалыматка караганда, 39 жаштагы кыргызстандыкка керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, ушул тапта абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарылган.

Автору: Айгерим Бекбосун кызы.

ТЕМА БОЮНЧА:

Түркиядагы зилзала: Кыргызстандан барган куткаруучулар 19 кишинин сөөгүн табышты

Кыргызстан Түркияга 100 боз үй жана 100 куткаруучу жиберет