Түркиядагы зилзала: Кыргыз бийлиги көмөк көрсөтүүнү каалагандарга атайын эсеп ачты

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепети. Сүрөт: Түркиянын «Анадолу» мамлекеттик маалыматтык агенттиги

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды. Бул тууралуу 7-февралда президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, табигат кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн көмөк көрсөтүүнү каалагандар төмөндөгү эсептин реквизиттерине акча каражаттарын которо алат:

Банк: «Айыл Банк» ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсеп № 1350102119900169 «Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)», сом, АКШ доллары, евро;

Төлөм коду 14411100 — «Учурдагы жардам»;

Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Аны менен катар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түз байланыш кызматы — 112 жана президенттик администрациянын Кырдаалдык борбору 0312662292 номери аркылуу иш алып барууда.

«Президенттин Администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын Түркиядагы акыркы окуяларга байланыштуу материалдык жардам катары которушту», — деп айтылат администрациянын билдирүүсүндө.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга буюмдардын тизмесин түздү.

«Жардам берүүнү каалагандар тизмеде көрсөтүлгөн буюмдарды Түркиянын элчилигине тышы көрүнгөн тунук баштыкка эмне салынганын белгилөө менен жеткире алышат. Алып келинген буюмдар мүмкүн болушунча жаңы жана кышкы шарттарга ылайыктуу болушу күтүлүүдө», — деп билдиришти элчиликтен.

Керектүү буюмдардын тизмеси. Сүрөт: Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги

Буга чейин кырсыктан Түркиянын Адана шаарында жашаган бир кыргыз жараны жабыркаганы айтылган. Маалыматка караганда, 39 жаштагы кыргызстандыкка керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, ушул тапта абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарылган.

Түркиядагы зилзала

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

Түркиялык FotoMaç басылмасы өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоганга таянып, зилзала бери дегенде 3549 адамдын өмүрүн алганын, 22 миң 168 киши жарадар болгонун жазды. Ал эми кырсык болгон жерден куткарылгандардын саны 8 миңден ашуун экен маалымдалды.

Ал эми Сириянын Sana агенттиги өлкөдө кеминде 764 адам каза болуп, миңден ашык киши жабыркаганын жазды.

Азыркы тапта урандынын алдында калгандарды издөө иштерине жалпысынан 24 миң 443 киши тартылды.

Буга чейин Түркияга 63 кишиден турган кыргызстандык куткаруучулар тобу жөнөтүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

ТИМ Түркиядагы зилзалада бир кыргызстандык жабыркаганын айтты

Кыргызстан Түркияга 63 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөтмөй болду