Кыргызстан Түркияга 100 боз үй жана 100 куткаруучу жиберет

Кыргызстан Түркияга жардам көрсөтүү максатында кошумча 100 куткаруучу, эки үйрөтүлгөн ит, гуманитардык жардам жана 100 боз үй жиберет. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен зилзаладан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн эки учак даярдалып жатат. Боз үйлөрдөн тышкары өлкө бийлиги 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтөт.

Учактар менен гумжардам катары медициналык каражаттар, кийим-кече жана биринчи кезекте керектелүүчү зарыл буюмдар жөнөтүлөт.

Буга чейин Кыргызстан Түркияга жардамга ӨКМдин 67 куткаруучусун жөнөткөн. 9-февралда ӨКМ кыргыз куткаруучулары урандылардын астынан 19 кишинин сөөгүн алып чыгышканын билдирген.

Түркияда 6-февраль күнү таңга маал күчү 7 баллдан ашкан эки жер титирөө болгон. Ал Сирияга да жетип, кыйроолорго дуушар кылган.

Anadolu басылмасынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен каза тапкандардын саны 12,8 миң кишиге жетти. Ошондой эле, басылманын билдиришинче, Сирияда кырсыктан 3 миңден ашуун адам каза тапкан.