Кемпир-Абад иши: Сот Нарматова менен Асанбековду 20-апрелге чейин үй камагында калтырды

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова жана куруучу Нурлан Асанбеков 20-апрелге чейин үй камагында болот. Маалыматты 15-февралда «Клоопко» Бишкектин Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Мекеменин билдирүүсүндө Нарматова менен Асанбековдун үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы эки айга узартылганы айтылат.

Нарматова сот отурумунан кийин журналисттерге маек куруп, ден соолугу жакшы болуп калганын айтты. Ошондой эле ал эл арасындагы «бийлик менен сүйлөшүп, үй камагына чыкты» деген пикирлер тараганын айтып, аны четке какты.

«Билесиздер, күнөөбүз жок, негизи үй камагына чыгарганы деле мыйзамсыз. [...] Эгер бийлик менен сүйлөшүүлөр болсо мага козголгон кылмыш ишинин баары токтотулмак да. Эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, Перизат Сурановага да уруксат беришти. Эгер сүйлөшсөм өзүм үчүн эмес, бардыгыбыз үчүн сүйлөшмөкмүн да», — деди ал.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, ошондой эле бир катар нааразылык акцияларына чыгышкан.

Кийинчерээк абактагы 19 активист ачкачылык жарыялаган. Ачкачылык жарыялагандан кийин көпчүлүгүнүн ден соолугу начарлап, айрымдары аларды ооруканага которууну талап кылышкан. Абактагылар күнөөлөрү жоктугун айтышып, аларды бошотууну талап кылып келишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ден соолугу кескин начарлаган Орозайым Нарматова үй камагына чыкты

Массалык камоолор: Сот Нурлан Асанбековду үй камагына чыгарып, калгандарын абакта калтырды