Массалык камоолор: Сот Нурлан Асанбековду үй камагына чыгарып, калгандарын абакта калтырды

Бишкек шаардык сотунун залы. 11-ноябрь. Сүрөт: Kloop

11-ноябрда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу иштин алкагында кармалган активисттер менен саясатчылардын бөгөт чарасын карады. Сот кармалгандардын бирөөсүн гана үй камагына чыгарып, калгандарын 20-декабрга чейин ТИЗО-1де калтырды.

Кармалгандар «Кылмышка даярдык көрүүгө» жана «Массалык башаламандык уюштурууга» айыпталууда. Бул кылмышка жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталат.

Айданбек Акматов

Бишкек шаардык соту 11-ноябрда биринчилерден болуп журналист Айданбек Акматовдун бөгөт чарасын карады. Шаардык сот аны 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Судья чечимди окуп жатканда сот залындагы Акматовдун тарапташтары: «Акматовго боштондук!», «Уят!» — деп кыйкырып жатышты.

Ал Кемпир-Абадды коргоо Комитетинин жолугушууларына журналист жана кайдыгер эмес жаран катары катышканын айткан.

Рита Карасартова

Бишкек шаардык соту укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасын карады. Сот укук коргоочуну 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Карасартова өзүнө коюлуп жаткан айыптарга макул эмес экенин, эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөй жатканын айтты.

«Биздин кыймыл-аракетибизде эч кандай мыйзам бузуу жок. Биз Конституцияда каралган укугубузду пайдаланып, жыйын уюштурганбыз», — деп белгиледи ал.

Жеңиш Молдокматов

Бишкек шаардык соту саясатчы Жеңиш Молдокматовду 20-декабрга чейин камакта калтырды.

Молдокматов ага карата иш «мыйзамсыз» козголгон деп билдирди. Ал өлкөдө мыйзамдуулук жок экенин жана бийлик өз оюн эркин айткандарды «түрмө менен коркутуп жатканын» айтты.

Нурлан Асанбеков

Бишкек шаардык соту бир гана Нурлан Асанбековду 20-декабрга чейин үй камагына чыгарды. Сотко тез жардам чакырылып, аны ооруканага алып кетишти.

Асанбеков Кемпир-Абадды коргоо комитетине эч кандай тиешеси жок экенин айтып, 1-ноябрдан 11-ноябрга чейин ачкачылык жарыялаган.

Асанбековдун жактоочусу ал куруучу экенин жана саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөнүн айтты. Юрист Асанбеков жашы жете элек кызы менен көзү начар көргөн апасын жалгыз багып келгенин баса белгиледи.

Асия Сасыкбаева

11-ноябрда шаардык сот акыркы болуп Асия Сасыкбаеванын баш коргоо чарасын карады. Сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды — ал 20-декабрга чейин камакта болот.

Судья чечимди окуп жатканда сот залындагы Сасыкбаеванын тарапташтары: «Люстрация!», «Уят!» — деп кыйкырып турушту.

Сасыкбаева ИИМ тарабынан кармалгандан бир күн мурда Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетке мүчө болгон.

Тема боюнча:

Кемпир-Абад иши: Кармалган активисттердин дээрлик көпчүлүгү камакта калды.

Бийликти сындаган жыйырмадан ашык киши ТИЗОго камалды — алар кимдер?