Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 14-февралда Кой-Таш айылындагы резиденциясында абактан чыккандан кийинки биринчи интервьюсун берди. Анда ал саясатка кайтпай турганын белгилеп, журналисттерге ыраазы экенин айтты.

Аны менен катар, Атамбаев бийликти эркин басылмаларга кысым көрсөтпөөгө чакырды. Ал экс-президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө оюн айтып, Садыр Жапаровго «эркиндик үчүн ыраазычылык» билдирди.

Журналисттер жөнүндө

Мурдагы президент «бийлик журналисттер менен соттошпой, тескерисинче колдоого алышы керек» деген пикирин билдирди. Ал Кыргызстандын күчү көз карандысыз, эркин ЖМКда экенин жана бул нерсени сактап калуу керектигин белгиледи.

Атамбаев Дача-Суу маселеси боюнча бир нече ЖМКны сотко бергени анын эң чоң катасы экенин жашырган жок. Ал үчүн журналисттерден кечирим сурап, ыраазычылык билдирди.

Саясатка кайтуу ою тууралуу

Атамбаев саясатка кайра барбай турганын билдирди. Анын айтымында, эгер андай ою болсо, 2020-жылдын октябрь окуяларында эле аракет кылмак. «Кудайдан мени кайрадан саясатка алып барбашын тилейт элем», — деди ал.

Мурдагы президент «ага карата кылмыш иштерин токуган чиновниктер дагы эле креслодо отуруп алып, башкаларга да жалган иштерди токуп жатышат» деген пикирин билдирди. Ошол үчүн ал укук коргоо органдары жана сот системасында кадрдык тазалоо жана реформа жүргүзүү зарыл деп эсептейт.

Атамбаев соттордун жана прокурорлордун мындай иштерине өзүнүн да жоопкерчилиги бар экенин моюндап, өлкөнү башкарып турганда көп убактысын экономикага бөлгөнүн билдирди. Бирок Атамбаев саясий атаандаштарын каматууга эч качан буйрук бербегенин белгиледи. Анын айтымында, мындай буйрукту «анын атынан айрым адамдар» беришкен.

Сооронбай Жээнбеков жөнүндө

«Мен анын артынан куубайм. Кудай өзү аны жазалайт. Эбак эле жазалап баштаган», — деди Атамбаев журналисттердин сөзүнө жооп берип жатып.

Атамбаев өзүно карата коюлган айыптардын баары ойдон токулганын айтып, башка кылмыш иштери да эртели кеч жокко чыгат деп билдирди. Ал жашоосундагы эң чоң катасы ишенчээктиги экенин белгиледи.

Жапаров жана Ташиев жөнүндө

Мурдагы президент эркиндикке чыкканы үчүн өлкө башчысы Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди.

«Чынын айтканда бүгүн чыгарыма ишенген эмесмин, үйдөгүлөргө да “келбей эле койгула” деп айткам», — деди Атамбаев

Ден соолугу тууралуу

«Тез арада дарыланганы учушум керек. Бирок кайра келем. Үч жарым жылда ден соолук жайланды да, түрмө ден соолук бербейт экен», — деди мурдагы президент. Ал Испаниянын премьер-министри Педро Санчестин чакыруусу менен Испанияда дарыланарын кошумчалады.

Ошондой эле ал абакта жатканда «Кайран эл» деген ыр жазганын белгилеп, ден соолугу жакшы болгондо ырдап берерин айтты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 15-февралда дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кетти. Kaktus.media басылмасы Атамбаев Бишкектен таңкы саат 5:00дө Дубайга учканын, ал жактан Испанияга сапар аларын жазды. Аны уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаев коштоп кетти.

14-февралда Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча Атамбаевге карата өкүмдү жокко чыгарган. Бул иш боюнча Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Ал эми Биринчи май райондук соту мурдагы президентке дарылануу үчүн Кыргызстандын аймагынан чыгууга уруксат берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кечиримдүү болушубуз керек» — Жапаров Атамбаевдин бошотулушу тууралуу