Сот Атамбаевге Батукаевдин иши боюнча чыккан өкүмдү күчүндө калтырды

Жогорку сот 15-мартта кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотуу иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Клооптун» журналисттине соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Соттон иш боюнча экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева да айыпталуучу катары өткөнүн кошумчалашты. Жолдубаева «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен (Кылмыш-жаза кодексинин 1997-ж. редакциясы) күнөөлүү деп табылып, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза колдонулган жок.

Мындан тышкары, сот Жолдубаеванын мүлкүн камакка алуу чечимин жокко чыгарды.

2020-жылдын июнь айында мурдагы президент Азиз Батукаевди бошотуу иши боюнча 11 жылга соттолгон. Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган, кийинчерек аны Бишкек шаардык соту колдогон.

2021-жылдын октябрында мурдагы президенттин адвокаты Сергей Слесарёв Жогорку сот прокурорлордун жазаны күчөтүү боюнча өтүнүчүн карай турганын айткан.

Бтукаевдин иши

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Атамбаев бул иште депутаттык комиссия аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечим чыгаргандан кийин коррупцияга шектелген.

Алардын версиясы боюнча, Батукаев Атамбаевдин тапшырмасы менен, анын жетекчилигинде бошотулган.

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишинде айыпталган башка фигуранттарга айып пул төлөө өкүмдөрү чыккан.