Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн чет өлкөгө кетти

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн чет өлкөгө кетти. Бул тууралуу «Клоопко» анын тарапташы, экс-депутат Асел Кодуранова билдирди.

Kaktus.media басылмасы Атамбаев Бишкектен таңкы саат 5те Дубайга учканын, ал жактан андан ары Испанияга учарын жазды. Мурдагы президентти уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаев коштоп кетти.

Атамбаев 14-февралда Молдовановка айылындагы №27 колониядан бошотулган. Буга чейин Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча Атамбаевге карата өкүмдү жокко чыгарганы белгилүү болгон. Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жаңыдан кароого жөнөтүлгөн.Бул иш боюнча Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Мындан тышкары, Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президентке дарылануу үчүн Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгууга уруксат берген. Атамбаевдин тарапташтары саясатчы Испанияда, премьер-министр Педро Санчестин жеке чакыруусу менен барып дарыланарын билдиришкен.

Анткен менен Атамбаев дагы деле бир нече кылмыш ишинин фигуранты бойдон калууда, алар сотто бүгүнкү күнгө чейин каралууда.