Сузак: Ташиев мектепке компьютер алып бергенин төгүндөгөн кызматкер иштен кетти

Тынычбек Усенов жана Карачач Боржуева

Сузак районундагы мектепке УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы компьютер алып бергени тууралуу маалыматты төгүндөгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан кетти. Муну «Клоопко» Билим берүү министрлигинен тастыкташып, компьютерлерди «чынында эле Ташиев алып берген» деп билдиришти.

Эмне болду?

4-февралда соцтармактарда Сузак районундагы №85 «Ынтымак» мектебинин директору Карачач Боржуеванын видеосу тараган. Анда ал Камчыбек Ташиев үй-бүлөлүк фондунан мектепке 10 компьютер алып бергенин билдирген. Ал атайын кызматтын башчысына ыраазычылык билдирип, «сизди уят кылбайбыз» деп айткан.

«Бүгүн биздин мектебибизге жаңы 10 компьютер келди. Биз Камчыбек Кыдыршаевич сизден сурандык эле. Сизге чоң рахмат. Заманбап шарттар түзүлдү. Мындан ары сизди уят кылбай, жакшы иштейбиз деген үмүтүбүз бар. Рахмат сизге», — деген ал.

«Т-Медианын» журналисттери бул боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усеновго кайрылып, окуянын чоо-жайын такташкан. Анда ал аталган компьютерлер «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен алынганын билдирген.

«Билип-билбей ар түрдүү сүйлөй беришет экен, негизинен убактылуу пайдаланылсын деп берилген. Мен мисалы Ташиевдики экенин билбейм. Өзүбүз суранышканынан эле алып барып бердик, бул жерде Ташиев жөнүндө эч кандай сөз жок», — деген Усенов.

Билим берүү министрлигинин жообу

17-февралда Тынычбек Усенов кызматтан кеткени белгилүү болду. Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков «Клоопко» Усенов өз каалоосу менен арыз жазганын, бирок анын себеби белгисиз экенин айтты.

«Ал өз каалоосу менен кызматтан кетти. Аталган маселеге тиешеси барбы же жокпу билбейбиз. Аны тактоого мүмкүн болгон жок. Ал эми Камчыбек Кыдыршаевичтин компьютер бергени чын», — деп билдирди ал.

Мырзабеков эмне үчүн Усенов «компьютерлер долбоор тарабынан алынды» деп айтканы тууралуу сурообузга жооп берген жок.

ТЕМА БОЮНЧА:

Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы төрт көчөгө өз чөнтөгүнөн асфальт төшөп берди

Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев 1000ден ашык адамга президенттин атынан ооз ачар уюштурду

«“Каяктан акча алып мечит курду” дейт». Камчыбек Ташиев Барпы айылына мечит салды