Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы төрт көчөгө өз чөнтөгүнөн асфальт төшөп берди

Камчыбек Ташиев

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана үй-бүлөсүнүн эсебинен Жалал-Абаддагы төрт көчөгө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу 8-ноябрда «Регион» телеканалы билдирди.

Ал эми Жалал-Абад шаардык мэриядан «Клоопко» аталган иш-чаралар боюнча жергиликтүү бийлик кабардар экенин айтышты.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда Жалал-Абад шаарына караштуу Жеңиш кичи районундагы ички жолго асфальт төшөлдү. Буга чейин жергиликтүүлөр тарабынан аталган көчөгө Ташиевдин атасы — Кыдырша Ташиевдин ысымы ыйгарылган.

Ошондой эле Сузак районунун Барпы айылындагы бир чакырым ички жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөнү айтылды. Анын ачылыш аземине Ташиев өзү катышты. Билдирүүдө «айыл элинин муктаждыктарын чечүү аракеттери алдыда дагы улантылары» айтылды.

Ал эми «Регион» телеканалынын башкы директору Өткүрбек Рахманов жолдорду оңдоп-түзөө иштеринен тышкары Ташиев жана анын үй-бүлөсүнүн чөнтөгүнөн аткарылган иштерди кошумчалады.

«Төрт күндүк эс алууда Камчыбек Ташиев жаңыдан асфальт төшөлгөн 4 көчөнү пайдаланууга берди, 7 балалуу жалгыз бой энеге жаңы турак-жай тапшырды жана селден жабыркаган 8 үй-бүлөгө үй-тиричилик техникаларын белек кылды. Булардын баары Камчыбек Ташиевдин жана үй-бүлөсүнүн жеке каражатына аткарылды», — деди Рахманов.

Ал эми Жалал-Абад шаардык мэриядан «Клоопко» аталган иш-чаралардан жергиликтүү бийлик кабардар экенин жана алдын ала макулдашылганын билдиришти.

«Ташиевдер же башкасы болсо да элге шарт түзүү боюнча көмөк көрсөткөн бардык тараптарга көз карашыбыз түз. Ал эми облустук администрациядан каражат бөлүнбөйт, анткени бюджети жок», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле быйыл мамлекеттик бюджеттен 90 чакырымдан ашуун жолду асфалттоо пландалганын, мындан сырткары жергиликтүү бийликтин каржылоосунда ички жолдор оңдолуп жатканын кошумчалашты.

Ташиевдер акчаны каяктан алат?

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети басылмаларга Камчыбек Ташиевдин кирешеси тууралуу «коомчулукка жарыялоого ылайык эмес» деген жүйөө менен маалымат берүүдөн баш тарткан.

Быйыл январда Temirov Live ютуб-каналы мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып, 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Иликтөөдө журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиев бийликке келгенге чейин эле күйүүчү май бизнеси менен байланышы бар экенин, Жалал-Абаддагы мунай заводу анын бир туугандарына катталганын, Казыбек Ташиев негиздөөчүсү, ал эми Шайырбек Ташиев директор болуп саналарын айткан.

Ал эми Ташиев Темировдун иликтөөсүндөгү коррупциялык фактылар «ойдон токулганын», үй-бүлөсүндө бир да адам «эч качан коррупциялык схемаларга аралашпаганын» билдирген.

Ошондой эле ал «бийликке келгенден кийин» үй-бүлө мүчөлөрү тендерлерге катышпай калганын, ал эми уулу болсо тендерлерге жергиликтүү бийлик сурангандыктан «жаман ою жок эле» катышканын кошумчалаган.