«“Каяктан акча алып мечит курду” дейт». Камчыбек Ташиев Барпы айылына мечит салды

Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусундагы кичи мекени Барпы айылына мечит салды. Мечитке өткөн жылы пневмониядан каза болгон экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун аты ыйгарылды.

Жаңы мечиттин ачылыш аземине Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Тойгонбай Абдыкаров, муфтий Замир кары Ракиев, экс-муфтий Максат ажы Токтомушев* жана аалым Абдышүкүр ажы Нарматов катышты. Мындан сырткары, салтанатка Жалиловдун атасы жана уулдары келди.

*Биринчи май райондук соту 12-февралда Токтомушевди жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарган. Токтомушев «Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштөгү шектүүлөрдүн бири — ишти УКМК тергеп жатат.

Ташиев бул мечитти жакындарынын көмөгү менен эки жылда курганын билдирди. Мечиттин курулушу 2019-жылы башталып, ага капсула салуу аземине Жалилов өзү да катышкан.

«Бүгүн мына бизди журналисттер тартып жатышат, азыр чыгарса эртеңден баштап дагы айта баштайт: “мына Ташиев каяктан акча алып, кайдан куруп койду” деп [...] Чубак ажы аалымыбыздын мечитин курганда менин бала-чакаларым, 11 бир туугандарым, карындаштарым, эжелерим, агаларым алардын балдары — баарыбыз кол кабышып кылдык. Барыбыз чуркап жүрүп кылдык», — деди Ташиев.

Буга чейин УКМКнын башчысы диний ишмерлер менен Жалиловдун кичи мекени, Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылына барган. Ал жерде Чубак ажы Жалиловду эскерүү зыйнаты өткөн.

Чубак ажы Жалилов 2020-жылы 11-июлга караган түнү коронавирус шарттаган пневмониядан көз жумган. Ошол кезде санитадык чектөөлөр болгонуна карабай аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына миңдеген киши катышкан.

Жалилов 2010-2012-жылдары муфтий болуп турган. Ошондой эле ал 2020-жылдын июнуна чейин Аалымдар кеңешинин мүчөсү болгон.

Жалилов Куран аяттарын жана хадистерди чечмелеп, элге жөнөкөй тил менен баяндап берген. Анын фатва чыгарууга да уруксаты бар болчу. Ага мусулмандар шарияттан сырткары күнүмдүк турмуштук маселелер менен да кайрылып турушкан. Анын жыйындары, чогулуштары миңдеген аудиторияны чогултуп келген.

Чубак ажынын ютубдагы «Насаат медиа» каналында эле 600 миңден ашуун катталуучусу болгон. Ал эми анын фейсбуктагы баракчасына 58 миңдей киши жазылган эле.