Бишкектин Түштүк аймагынын архитекторуна коррупция боюнча айып тагылды

Бишкектин Түштүк аймагынын долбоорунун башкы архитектору Жыргалбек Асаналиевге коррупция жана документтерди жасалмалоо боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, Асаналиев «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары менен 2021-2022-жылдар аралыгында кызматтык жасалмалоо жолу менен Бишкек шаарынын Түштүк аймагындагы кичи райондорду, кварталдарды куруу долбооруна мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизген.

Мыйзамсыз корректурага Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү кызыл сызыктар дуушар болгон — көрктөндүрүү менен жөө жүргүнчүлөр зонасынын жалпы аянты 14,6 миң чарчы метрге кыскарган.

Прокуратурадан тергөөнүн жүрүшүндө жер участогун баштапкы абалына ылайык келтирүү жолу менен зыяндын орду толтурулганын билдиришти.

Тергөөнүн жыйынтыгында Асаналиевге карата тагылган айыптар угузулуп, кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү.

Асаналиевдин камалышы

Прокуратура Асаналиев менен «Бишкекбашкыархитектуранын» бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Чыңгыз Медербек уулун 2022-жылдын сентябрында коррупцияга жана документтерди жасалмалоого айыптап кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, аткаминерлер курулуш компаниялардын кызыкчылыгын коргоп, коомчулукка зыян тийгизишкен. Шектүүлөр өз билемдик менен курулган көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу жана жер тилкелеринин функционалдык багыттамаларын өзгөртүү боюнча коррупциялык схема түзүшкөн.

Прокуратурадан алар бул аракети менен менен Бишкектин түштүк бөлүгүнүн транспорттук, социалдык, экологиялык инфраструктурасын бузган деп айтышкан.

Асаналиев 2022-жылдын 4-сентябрынан тартып Бишкектин ТИЗОсунда кармалып жаткан, бирок 17-февралда кайра бошотулган. Ал журналисттерге күнөөсү жоктугун билдирген.