Маданият министрлиги ЭлТРдин «ПолитКлиниканын» сайтын бөгөттөө өтүнүчүн четке какты

Маданият министрлиги ЭлТР мамлекеттик телеканылынын «ПолитКлиниканын» сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке какты. Бул тууралуу 21-февралда басылманын өзү билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактардан алынгандыктан ЭлТРдин арызын канааттандырган эмес.

Аны менен катар, министрлик маалыматтын чын же калп экенин аныктоо боюнча ыйгарым укугу болбогондуктан ЭлТРди бул маселе боюнча сот органдарына кайрылууну сунуштаган.

20-февралда ЭлТР телеканалы басылманы сотко берип, моралдык зыян катары «ПолитКлиникадан» жалпы 10 млн сом — редакциянын өзүнөн 7 млн сом жана видеоматериалдын алып баруучусу, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 млн сом — талап кылган.

«ПолитКлиника» vs ЭлТР: Эмне болду эле?

4-февралда «ПолитКлиника» басылмасы ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» деп айтылган сюжетиндеги маалыматты төгүнгө чыгарган.

Ал эми 8-февралда ЭлТР атайын репортаж чыгарып, «ПолитКлиниканы» жана анын башчысы Дилбар Алимованы жалган маалымат тараткан деп айыптаган. Мындан сырткары, мамлекеттик телеканал басылманы сотко берерин айтып, видеоматериалды өчүүрүнү талап кылган.

ЭлТРдин бул сюжетин президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук барагында бөлүшүп, «ПолитКлиника» медиасын «такталбаган калп маалымат таратты» деп айыптаган.

Орунбеков президенттик администрация «ПолитКлиниканын» материалын «маалыматтык манипуляция, чындыкка дал келбеген карандай калп, өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жана максаттуу каралоо» деп эсептейт деп кошумчалаган.

Бул айыптоолорго «ПолитКлиника» видеоматериалдагы маалыматтар ачык булактардан алынган жана өз чындыгын сотто далилдөөгө даяр экенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЭлТР «ПолитКлиниканы» сотко берип, моралдык зыян катары 10 млн сом талап кылууда

Жапаров энергосекторго насыя алганбы? Орунбеков, «ПолитКлиника» жана ЭлТРдин чыры