ЭлТР «ПолитКлиниканы» сотко берип, моралдык зыян катары 10 млн сом талап кылууда

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы «ПолитКлиниканы» сотко берди. Бул тууралуу доо арыздын көчүрмөсүнө таянып басылманын өзү билдирди.

Анда басылманы сотко берүүгө «ПолитКлиниканын» видео материалы себеп болгону белгиленет. ЭлТРдин пикиринде, материалда чындыкка коошпогон маалымат камтылган. «ПолитКлиниканын» журналисттери ЭлТРдин Садыр Жапаровдун президенттигинин тушунда энергетика тармагына насыя алынган эмес деген сюжетин талдап, аталган маалымат чындыкка дал келбегенин аныкташкан.

Ал эми ЭлТР «ПолитКлиника» өз материалы менен «компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген» деп эсептейт. Мамтелеканал «ПолитКлиникадан» видеоматериалды өчүүрүп, төгүндөө чыгарууну талап кылууда.

ЭлТР соттон моралдык зыян катары «ПолитКлиникадан» жалпы 10 млн сом, редакциянын өзүнөн 7 млн сом жана видеоматериалдын алып баруучусу, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 млн сом өндүрүп берүүнү суранып жатат.

«ПолитКлиника» vs ЭлТР: Эмне болду эле?

4-февралда «ПолитКлиника» басылмасы ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» деп айтылган сюжетиндеги маалыматты төгүнгө чыгарган.

Ал эми 8-февралда ЭлТР атайын репортаж чыгарып, «ПолитКлиниканы» жана анын башчысы Дилбар Алимованы жалган маалымат тараткан деп айыптаган. Мындан сырткары, мамлекеттик телеканал басылманы сотко берерин айтып, видеоматериалды өчүүрүнү талап кылган.

ЭлТРдин бул сюжетин президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбук барагында бөлүшүп, «ПолитКлиника» медиасын «такталбаган калп маалымат таратты» деп айыптаган. Орунбеков президенттик администрация «ПолитКлиниканын» материалын «маалыматтык манипуляция, чындыкка дал келбеген карандай калп, өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жана максаттуу каралоо» деп эсептейт деп кошумчалаган.

Бул айыптоолорго «ПолитКлиника» видеоматериалдагы маалыматтар ачык булактардан алынган жана өз чындыгын сотто далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Дагы окууңуз: Жапаров энергосекторго насыя алганбы? Орунбеков, «ПолитКлиника» жана ЭлТРдин чыры