Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 22-февралдагы жыйынында этникалык кыргыздар үчүн паспорт алуудагы кыйынчылыктарды азайтууга чакырды. Ал орусиялыктар кыргыз жарандыгын 300 миң рублга кыргыздарга караганда жеңилирээк алып жатканын айтты.
Аталган маселе «Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуу учурунда көтөрүлдү.
«Этникалык кыргыздардын укугун коргоо, менимче туура. Себеби биз жөн эле аларды жүдөтүп, биринчи “кайрылман” деген статус беребиз. Алар ошол статус менен канча жашайт. Ал эми Орусиянын жарандары ошол эле кезде келип, 300 миң рублга кээ бир компаниялардан биздин жарандуулукту жасатып алып атышат. Бул туурабы же туура эмеспи?» — деди Бекешев.
Эл өкүлү бул «теңсиздикти» жоё турган концептуалдуу чечим кабыл алыш керек деп эсептейт.
«Жарандыкты өзүбүздүн кыргыздарга бере албай, чет элдик жарандарга коррупция аркылуубу, кандай берилет, билбейм, компаниялар “кыргыз жарандыгын биз 6-7 ай ичинде беребиз” деп жарнамасын берип жатышат. 300 миң рубль турат экен. Бул туура эмес да», – деди Бекешев.
Депутаттын бул сунушун кесиптеши Коргонбай Жусупбек уулу да колдоп, бийликтен памирлик кыргыздардын көйгөйлөрүн тез арада чечүүнү талап кылды.
«Азыркы мыйзамды токтоосуз түрдө колдоп, “кайрылман” деген статусту алып салып, паспорт бергиле. Баткенде, Нарында гектарлаган жер тиркелери бош жатат, ошолорду бергиле. Токтоосуз түрдө бергиле», — деди ал.
Жусупбек уулу «төрт жолу кыргыз паспортун алган» уйгур тектүү Ялкун Абдуллаевди мисал кылды. Буга чейин аны депутат Шайлообек Атазов алдамчылыкта шектүү катары 2-3 мамлекеттин паспорту менен мыйзамсыз жүрөт деп айткан.
«А паспортун кандай алган десең, кытайдын жараны келип кыргызстандын паспортун алып, кыргызстандын паспортунун негизинде Орусиянын жарандыгын алыптыр. Көрүнгөн “проходимецтерге” жарандык берип атабыз», — деп кошумчалады Жусупбек уулу.
Депутат Улан Примов демилгелеген этникалык кыргыздарга байланыштуу мыйзамдагы өзгөртүүлөрдө алардын арызын каттоонун жана миграция маселелери боюнча органга жөнөтүүнүн так мөөнөттөрүн белгилөө каралган. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Буга чейин, 9-февралда парламенттин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова 65 памирлик кыргыз көчүп келүү үчүн паспорт ала албай атканын билдирген.
Ал памирлик кыргыздар өлкөгө келиш үчүн мал-жандыгын сатып, учурда алар Ооганстандын Файзабад шаарында калып, акча-каражаты түгөнүп жатканын айткан.
Кийин Файзабадда калган памирлик кыргыздар өздөрү кайрылуу жасап, бийликтен жардам сурашкан.
Этникалык кыргыздар
2022-жылдын июнь айында Ош облусунун Чоң-Алай районуна Памирден 17 үй-бүлө көчүп келген. Алай районунун акими Темирболот Абыкеев алар үчүн турак-жай курула турганын айткан.
Бирок үч айдан кийин көчүп келген памирлик кыргыздардын бири Бекзат Забиддин акун башкы прокурор Курманкул Зулушевге алардын паспорт жана турак-жай маселеси чечиле электигин айткан.
Ошондо министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев памирлик кыргыздарга паспорт берүү маселесин чечип берүүнү тиешелүү органдарга тапшырган.
Ошондой эле Төрөбаев памирлик кыргыздар үчүн 70 гектар жер трансформацияланып, үй куруу үчүн 232 миллион сом каралганын айткан.
Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи Памир тоолорунда жашашат.
Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.
Автору: Айгерим Белекова