Сот ИИМди «Азаттыктын» эсептеринин бөгөттөлүшү боюнча маалымат берүүгө милдеттендирди

Бишкектин Биринчи май райондук соту ИИМди «Азаттык Медианын» банктык эсептерин бөгөттөөгө негиз болгон кылмыш иши боюнча маалыматты берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу «Азаттык» өзү жазды.

21-февралдагы отурумда судья Тилек Турдукулов ИИМдин тергөөчүсү Улан Жапековдин аракеттеринде мыйзам бузуу бар экенин белгилеген. Бул ишти дал ошол Жапеков карап жатат, буга чейин ал мекемеге аталган маалыматты берүүдөн баш тартып жаткан болчу.

Судьянын талабына ылайык, «Азаттыктын» жактоочуларына кылмыш ишинин материалдары менен таанышууга уруксат берилди.

2022-жылдын 31-октябрында DemirBank коммерциялык банкы УКМКнын талабы менен сот чечимисиз эле «Азаттык Медианын» аталган банктагы эсебин бөгөттөгөнү белгилүү болгон. Банктан эсеп акчаны адалдаштыруу жөнүндө мыйзамынын негизинде бөгөттөлгөнүн билдиришкен.

Эсепке жеткиликтүүлүк басылманын сайты өткөн жылдын 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу материалына байланыштуу эки айга бөгөттөлгөндөн кийин эле жабылган. Маданият министрлиги материалда «анык эмес маалымат бар», ал «Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келет» деп билдирген.

Кийин ведомстводон алар анык эмес деп эсептеп жаткан материал өчүрүлмөйүн басылманын сайты бөгөттөөлүү бойдон кала берерин айтышкан.

Андан кийин «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.

Ал эми январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Арыз берүүгө талаштуу материалдын өчүрүлбөгөнү себеп болгону көрсөтүлгөн. Флай буга алар «өлкөдөгү ишин улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонушарын» айтып жооп узаткан.

Фейк делген кабарлар үчүн ЖМКга карата даттануулар 2021-жылдын августунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынгандан кийин башталган. «Медиа Полиси Институтунун» юристтери фейктер тууралуу мыйзамды «бийликтин аракеттерине көз салып, жарандарга өкмөт кандай иштеп атканын түшүнүүгө жардам берген маалыматтарды ачыктап жаткан ЖМКга каршы административдик ресурс» деп аташкан.