Финчалгын «Азаттыктын» эсебин бөгөттөө себебин түшүндүрдү

Финансылык чалгын кызматы 15-ноябрда «Азаттык Медианын» банктык эсеби эмне себептен бөгөттөлгөнүн түшүндүрдү. Бул тууралуу «Азаттык» маалымдады.

Мамлекеттик кызматтан «Азаттык» УКМКнын расмий катына ылайык «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине» киргизилгенин билдиришкен.

Мындан тышкары катта «Азаттык» аталган тизмеге «Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесинин негизинде киргизилгени белгиленген жана анын шарттары көрсөтүлгөн.

«Азаттыктан» буга чейин түшүндүрмө менен кошо тиешелүү документтерди сурап, Финчалгын кызматына жана УКМКга эки жолу кат жолдонгонун белгилешти. Бирок мамлекеттик кызмат «саналуу гана кишилер көрө алат» деген гриф коюлгандыктан документтердин көчүрмөсүн берүүдөн баш тарткан.

«Азаттык Медианын» DemirBank’тагы эсеби 31-октябрда бөгөттөлгөн. Бул тууралуу банктын кызматкерлери «Азаттыкка» оозеки ырастап, «бул тууралуу УКМКдан билдирме алганын» айтышкан.

Ал эми 3-ноябрда DemirBank’тан «Азаттык Медианын» эсеби «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга ылайык бөгөттөлгөнүн билдирген.

Кыргыз бийлиги 26-октябрда «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Бийлик медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу чыккан материалды «улуттук кызыкчылыктарга каршы келет» деп айыптап, бөгөттөөгө ушул негиз болгонун билдирген.

«Азаттыктын» өзүнөн Маданият министрлиги айтып жаткан материалды талдап чыгышканын жана анда стандарттардын бузулганы аныкталбаганын билдиришкен.

Кыргызстандагы ЖМК өкүлдөрү буга кескин түрдө нааразычылыгын билдирип, акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилешкен. Алар ЖМКларга каршы ар кандай митингдер жана каралаган кампаниялар уюштурулуп жатканын айтышып, ал эми буга тиешелүү органдар көңүл бурбай жатканын сынга алышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Азаттыктын» банктык эсеби мыйзамга ылайык бөгөттөлгөн — «Демирбанк»

Депутат Бекешев: «Азаттыктын» эсебин бөгөттөө инвестициялык климатка терс таасир этет