Бир нече майрамды, анын ичинде 23-февралды иш күнү катары жарыялоо сунушталды

Эмгек министрлиги айрым майрам күндөрүнүн маканын кайра караштырып, эс алуу күндөрүнө туш келген майрам күндөрүн жылдыруу тажрыйбасынан баш тартууну сунуштап жатат. Тийиштүү мыйзам долбоорун министрлик 22-февралда коомдук талкууга чыгарды.

Ведомство Кыргызстан чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө салыштырмалуу СССРдин баардык мамлекеттик майрамдарын сактап калганын жана аларга диний, жаңы саясий революциялык майрамдар кошулганын белгиледи. Бүгүнкү күндө өлкөдө расмий 14 жумушчу эмес майрам күн бар. Бирок Эмгек министрлиги чынында кыргызстандыктар андан дагы көп күн эс аларын айтууда. Себеби Эмгек кодексинде дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү бири-бирине туш келип калса, эс алуу күнү майрамдан кийинки жумуш күнүнө жылдырылат деп белгиленген.

Ушуга байланыштуу ведомство бир катар жумуш эмес майрам күндөрүн калтырып, бирок 23-февралды (Ата Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрелди (Элдик апрель революциясы күнү) жана 7-8-ноябрды (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү) иш күндөрү катары белгилөөнү сунуштап жатат.

Министрлик майрамдык күндөрдүн санын кыскартуу өлкө экономикасына оң таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт. Буга кошумча жогоруда көрсөтүлгөн майрамдар жалпы улуттук деп саналбайт, ошондуктан калктын терс реакциясын жаратпашы керек.

«Кошумча майрам жана дем алыш күндөрү эмгек акы төлөөнүн чыгымдарын көбөйтүп, өндүрүмдүүлүктү төмөндөтөт, анткени бул күндөрү жумушчулардын жетишсиздигинен көптөгөн ишканалар толук кубаттуулукта иштей алышпайт. Мындан тышкары, көптөгөн чакан жана орто бизнес үчүн кошумча эс алуу күндөрү олуттуу каржылык чыгымды алып келиши мүмкүн», — деп айтылат мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.

Ошол эле кезде Эмгек министрлиги январдын башында (31-декабрдан 7-январга чейин) жаңы жылдык каникул, ал эми май айында майрамдардын көптүгүн эске алуу менен (1-9-майга чейин) каникул жарыялоону да сунуштап жатат. А бирок банк түзүмү үчүн бул күндөрдү жумушчу күн катары калтыруу пландалып жатат.

Министрлик аталган каникулдар үй-бүлө институтун бекемдөө, айрыкча мектеп каникулдарында жакындар жана туугандар менен көбүрөөк убакыт өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында керек деп эсептейт.