Баткендеги куралдуу жаңжал: Орунбеков жаңы курулган 332 үй колдонууга берилгенин айтты

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңдалда кыйраган 332 үй жаңыдан кулуруп, колдонууга берилди. Калган 86 үйдүн курулушу марттын аягында бүтөт. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, куралдуу жаңжалда 422 үй кыйраган. Азыркы тапта 418и жаңыдан курулуп, төрт үй капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.

Орунбеков министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек арадагы куралдуу жаңжалда бузулган үйлөрдүн курулушунан кабар алганын айтты.

«Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди. Тажикстан менен дагы чечебиз. Маселе президенттин көзөмөлүндө. Президенттин тапшырмасы менен бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери аяктоодо. Мындан ары жалаң жакшылыктар болсун», — деди минкабдын төрагасы.

Ошондой эле Жапаров тургундардын жазгы талаа иштери жана башка социалдык маселелерге байланыштуу суроолоруна жооп бергени кабарланды.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 83 киши экенин жазган.

Минкабдын маалыматына ылайык, жаңжалдын кесепетинен Баткенде 661 үй жабыркаган, алардын 422си жашоо үчүн жараксыз абалда, ал эми 238и ремонтко муктаж. Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттык сактоо мекемеси, 15 административдик мааниге ээ имарат, бир көпүрө, 337 сарай жана 61 автоунаа талкаланган.

Өткөн жылдын 22-сентябрында президент Садыр Жапаров суук түшкөнгө чейин кыска убакытта жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын курууну тапшырган.

Бирок октябрь айында баткендиктер бийлик алардын үйлөрүн калыбына келтирип бере электигин айтып нааразы болушкан. Калыбына келтирүү иши жай болуп атканы парламентте да айтылып, курулуш компаниясын текшерүү керектиги белгиленген. Буга Мамкурулуштун мурдагы башчысы Нуртажин Жетыбаев бийлик «Аманат Курулуш Инвесттин» директорун таппай жатат деп жооп берген.

2023-жылдын январь айынын орто ченине карата бийлик кыйраган 400 үйдүн 45ин гана куруп бүткөн болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чек арадагы куралдуу жаңжал. Жабыркаган ишкерлерге 300 миң сомдон кенемте төлөнөт