Жалгыз бой энеге «үйүнүн эшиги темир болгондуктан» жөлөк пул төлөнбөй жатат

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылынын тургуну Жайлоогүл Төөлөсбаева жергиликтүү бийлик органдары эки баласына жөлөк пул төлөөдөн баш тартканын билдирди. Анын айтымында, алар аны «жашаган үйүңдүн эшиги темир экен», акчаң бар дегенчелик кылып жолго салышкан.Turmush басылмасынын маалыматына ылайык, жалгыз эне өз маселесин Петровка айыл аймагындагы элдик жыйында да көтөргөн, ал жерде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, акимдин биринчи орун басары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары да болгон.

Тургун 15 жылдан бери балдары менен ар жерде көчүп-конуп жашап жүргөнүн, себеби үйгө ай сайын акча төлөй албасын айтууда.

«Убактылуу жашаган үйгө айына 3,5 миң сомдон төлөй албай, балдарым менен ата-энемдин үйүнө көчүп да келгем. Жөлөк пул алуу үчүн тиешелүү жерге кайрылсам, алар: "Жашаган үйүңдүн темир эшиги бар экен" деп жолго салышты. Мен эмне балдарым менен темир эшик жейминби? Мага 4 эле сотых жер бергилечи, эптеп үй салып алайын», — деген ал.

Кыргызстанда 16-жышка толо эле балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын 1200 сом өлчөмүндө «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу төлөнөт.

Эмгек министрлигинин басма сөз кызматынан «Клоопко» Төөлөсбаеванын эки баласына 2017-жылы жөлөп пул дайындалганын, бирок ал убакыт өткөн соң, 2018-2022 жылдар үчүн жөлөк пул алууга арыз берилбегенин билдиришти.

Анткен менен Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, Петров айыл өкмөтүнө аз камсыз үй-бүлө катары каттоого тургузуу боюнча арыз берилген. Ведомстводон учурда Төөлөсбаевага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын жана текшерүүнүн жыйынтыгы менен ага жөлөк пул дайындоо же дайындабоо чечими кабыл алынарын айтышты.

Январдын аягында Кыргызстанда жакыр жашаган 229 миң үй-бүлө бар экени кабарланган. Бул маалыматты эмгек министри Кудайберген Базарбаев айткан.