Президент: Майдан тарта «Учкун» басмаканасы кыргызстандыктардын паспортун чыгара баштайт

Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Май айынан тарта мамлекеттик «Учкун» басмаканасы кыргызстандыктардын паспортун басып чыгара баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 26-февралда билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алганда билдирди.

Өлкө башчысы басмакана бардык заманбап жабдыктар менен камсыздалганын айтып, мындан ары бир дагы мамлекеттик кагаз «жеке компаниялардан басылып чыкпашы керек» деп белгиледи.

«Буга чейин паспорттордун бланктарын, техникалык паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жеке компаниялар басып чыгарчу. Бул үчүн мамлекеттен 15 млрд сом бөлүнгөн болсо, кайра ал мамлекетке салык же киреше түрүндө келген эмес. Эми мамлекеттин каражатына "Учкундан" гана басып чыгарабыз, биздин эсеп менен алганда мамлекетке 3 млрд сомдон кем эмес салык түшүп турат», — деди ал.

Ошондой эле Жапаров «кудай буюрса, келечекте акчаны да өзүбүз басып чыгаргандай болобуз» деп кошумчалады.

Азыркы тапта Кыргызстандын улуттук валютасы чет өлкөдө басып чыгарылат. Улуттук банктан өлкөдө акча басып чыгаруучу атайын техника сатып алганга караганда, башка өлкөдө басып чыгаруу пайдалуураак деп түшүндүрүшкөн. Ал эми паспортторду литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы басып чыгарат.