Мамлекет жакында мектеп жана бала бакча курганды токтотот — Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров жакын арада мамлекет алгач Бишкекте, андан кийин аймактарда мектеп жана бала бакча курганды токтоторун билдирди. Бул тууралуу ал билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев менен жолугушуусунда айтты.

Өлкө башчысынын айтымында, учурда борбор калаада 12 бала бакча жана бир мектеп салынып жатат. Жапаров алар бүткөндөн кийин окуу жайларды калаада жеке ишкерлер курарын билдирди.

«Салына турган мектеп же бала бакча керек болуп калса, анда жеке ишкерлерге беребиз. Мына ошолорго жерин бекер беребиз, коммуникациясын киргизип беребиз, анан алар өзүлөрү жеке менчик мектеп же бала бакча кылып иштетсин. Региондорго дагы биз ошондой мүмкүнчүлүк беребиз», — деди президент.

Ошондой эле президент жакынкы эки-үч жылда аймактарда бюджеттин эсебинен авариялык деп табылган мектептердин ордуна жаңылары салынарын билдирди.

«Аларды жаңылап бүткөндөн кийин дагы айылдарга мектеп салбайбыз, эгерде салам дегендер болсо анда аларга толук шарт беребиз […] Мамлекет эле салып анан мамлекет эле каржылап кетпеши керек, жеке менчиктерге дагы укук бериш керек», —деди Жапаров.

Кыргызстанда мектеп маселеси курч турат. Биринчиден, алар ашыкча толгон — окуучуларга бир партада үчтөн отурууга туура келет. Экинчиден, жада калса бар турган мектеп имараттары да көп учурда авариялык абалда.

2019-жылы өкмөттүк жумушчу топ өлкөдөгү ар бир онунчу мектеп авариялык абалда экенин билдирген. Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, аларды сүрдүрүү керек, себеби окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, ал эми ордуна — жаңы имараттар курулууга тийиш.

Мамлекетте бала бакчалардын саны да тартыш. «Башта» долбоорунун маалыматында 1 млн 180 мин мектеп курагына чейинки балдардан ичинен 900 миңи (бул 75%) бала бакчага барбайт.

Дагы окууңуз: 80ден ашуун эмес — 216 авариялык мектеп, жаңы — эскинин корпусу. Президенттин математикасы

Күндүн буюрсасы: Жапаров авариялык мектептер көйгөйүн эки-үч жылда чечүүнү убада кылды