Күндүн буюрсасы: Жапаров авариялык мектептер көйгөйүн эки-үч жылда чечүүнү убада кылды

21-ноябрда президент Садыр Жапаров Тунгуч кичи районунда 550 орундуу жаңы мектепти ачты. Президенттин айтымында, Бишкекте биринчи жолу 5 айдын ичинде 15 мектеп салынып, колдонууга берилди.

«Муну эми ашыра мактангандык деп айтууга болбойт. Айтайын дегеним, мамлекетибиздин билим берүү тармагына олуттуу көңүл бура баштаганына курулушу бүткөрүлгөн мектептерибиз айкын күбө! [...] Республика боюнча эки жыл мурун 247 айылда мектептер жараксыз болчу. Анын барын куруп бүтүп, азыр эле санын алдым, 80ден ашык мектеп калыптыр. Жараксыз, окуганга болбойт деген мектептер. 60-70-жылдары курулган мектептер. Кудай буюрса алдыда дагы эки-үч жылда толук салып бүтүп, мектеп, бала бакча маселесин чечебиз», — деп билдирди ал.

Кыргызстанда мектептерге байланышкан маселе курч бойдон калууда. Биринчиден, окуучулардын саны абдан көп — бир партада үчтөн отурган учурлар кездешет. Экинчиден, пайдалануудагы мектеп имараттары көбүнесе авариялык абалда.

Мындан үч жыл мурда, 2019-жылы, өкмөттүк жумушчу топ өлкөдөгү авариялык мектептердин санын эсептеп чыккан — 245. Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, аларды сүрдүрүп салуу керек, себеби окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, ал эми ордуна — жаңы имараттар курулууга тийиш.

Бирок мектептердин эски имараттары оңдолуп-түзөлүп же жаңысы курулганга чейин тез эле жараксыз абалга келип калат. Июлда Акылбек Жапаров бийлик өлкөдөгү билим берүүгө бир млдрд акш долларын инвестициялоого макул боло турган инвесторду табууга үмүттөнөөрүн билдирген.

Тема боюнча: Садыр Жапаров 68 мектеп курулду деп ашырып айткан

Бир партада үчтөн окуучу. Кыргызстанга учурда 100дөгөн мектеп куруу зарыл!