Акыйкатчы институту балдарды ата-энелердин өтүнүчү менен интернатка алууну токтотууну сунуштады

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова балдарды мындан ары ата-энелердин өтүнүчү менен мектеп-интернатына жана интернат тибиндеги балдар үйүнө кабыл алууну токтотууну сунуштады. Бул тууралуу «Клоопко» институттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Институттан мындай сунушту өлкөдө интернаттар соттун чечими жок эле балдарды кабыл алып жатканы менен түшүндүрүштү.

Маалыматка ылайык, институт өткөн жылдын 1-сентябрынан 2023-жылдын 15-февралына чейин Чүй, Ысык-Көл, Ош, Талас, Жалал-Абад облустарындагы 11 мамлекеттик мектеп-интернатында жана жатак мектепте байкоо жүргүздү.

Анын жыйынтыгында аталган мекемелерде 2 миң 412 баланын 35инин ата-энеси жок экени аныкталды — башкача айтканда, өспүрүмдөрдүн 1,5%ы гана томолой жетим. Ал эми 605 баланын атасы же энеси тирүү. 171 бала ата-энесинин өтүнүчү менен интернатка жайгаштырылган.

Ошондой эле 2022-жылга карата өлкөдө 133 интернат тибиндеги балдар мекемелери болсо, анда жалпы 10 миң 800 бала тарбияланат. Ал жердеги өспүрүмдөрдүн 95%ынын атасы же апасы бар.

Акыйкатчы институту соттордун ата-энелердин арызы менен балдарды мектеп-интернатына жайгаштыруу боюнча чечим чыгаруусун токтотууну сунуштады. Ошондой эле сотторду бул категориядагы иштерди кароодо үстүртөн мамиле кылбоого үндөдү.

Аны менен катар, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү сот отурумунда өз оюн айтууга жөндөмдүү жана он жаштан жогору балдардын пикирин угууну камсыз кылуу керектигин айтышты.

Мекеме буга чейин да мектеп-интернаттарын текшерип, көптөгөн көйгөйлөр бар экенин аныктаган. Мисалы, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы мектеп-интернатынын ашканасында самын жана антисептиктер жетишсиз болуп чыккан. Ошондой эле азык-түлүк үчүн текче жок болгондуктан жашылчалар шыпыргы, калактар менен аралашып, жерде жатканы белгилүү болгон.

Негизги беттеги сүрөт: Kaktus media

ТЕМА БОЮНЧА:

Канализация жана ысык суу жок. Жалал-Абаддагы мектеп-интернатта окуган балдардын көйгөйү

Ош: Эксперттер Терешкова мектеп-интернатындагы шарттарды кыйноолор менен салыштырышты