Билим берүү министрлигинин курагы жеткен кызматкерлерин пенсияга кетирүү сунушталды

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү министрлигинин курагына жеткен кызматкерлерин пенсияга кетирүүнү сунуштады. Бул тууралуу «Клоопко» өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров министрликтин жетекчилигине ведомствонун борбордук аппаратынын натыйжалуулугун текшерип, айрым кызматкерлерди пенсияга кетирүү маселесин карап чыгууну кеңеш кылды.

«30 жылдан ашык иштегендери бар, ошолорду карап чыккыла. Эгер курагы келген болсо, пенсияга кетип, жаштарга орун бошотушсун», — деди минкабдын башчысы.

Бийлик пенсиялык реформа жүргүзүүгө аракет аракет кылууда. Мында пенсиялык куракты жогорулатуу бирден-бир сунуш катары айтылган. Кыргызстанда аялдар пенсияга 58, ал эми эркектер — 63 жаштан чыгат. Бирок көптөгөн сындар айтылып кеткендиктен бийлик бюджет каражатын үнөмдөөнүн башка амалдарын издеп аталган оюнан кайткан. Мисалы, бийлик минималдуу камсыздандыруу стажын 5 жылдан 20 жылга чейин көтөргүсү келет. Ошондой эле мамлекеттик кызмттардагы пенсионерлерден пенсиянын базалык бөлүгүн алып салуу сунушу болгон, бирок көп өтпөй бул демилгеден дагы баш тартышкан, себеп дегенде ал жарандардын кызыкчылыгын коргобой калат