Бир кадр менен: Орусия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү унааны өткөрүп берди

Орусия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү унааны өткөрүп берди. Атайын техниканы тапшыруу салтанаты минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Орусиянын ӨКМнин башчысы Александр Куренковдун катышуусунда эски аянтта өттү.

Сүрөт: Кыргызстандын ӨКМнин басма сөз кызматы

Минкабдын төрагасы Орусияга көрсөтүлгөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-орус мамилеси чыңдалып жатканын белгиледи.

Гранттык негизде өлкөгө алынып келинген техникалар боюнча президент Садыр Жапаров жана президент Владимир Путиндин буга чейин өткөн эки тараптуу жолугушуусунда макулдашылган.

Тапшырылган КамАЗ 43118 өрт өчүрүүчү техникаларынын цистерналары 6 тонна сууга, 360 литр көбүккө ылайыкталган жана секундуна 40 литр суу чачат. Унаалар ар башка диаметрдеги шланг, суу соргуч жана ар кандай узундуктагы шатылар менен жабдылган. Атайын техникалар Орусиянын «Варгаши» заводунда чыгарылат.

Мындан тышкары, Орусия 2023-жылы күзүндө кыргыз ӨКМне 20 млн доллар турган «Ми-8дин» базасындагы куткаруучу тик учакты өткөрүп берет. Орусиянын президентинин Аймактар аралык жана чет мамлекеттер менен маданий байланыштар башкармалыгынын башчысы Игорь Масловдун айтымында, бул эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык программасынын экинчи бөлүгү.

«Ал (тик учак) дагы биздин кесиптештердин буюртмасы менен бийик тоолуу шарттарды эске алуу менен чогултулуп жатат. Ал толугу менен жабдылат, аны төрт миң метрден жогору бийиктикте куткаруу операцияларында колдонсо болот» — деди Маслов.