«Азаттыктын» сайтты бөгөттөөгө каршы арызы боюнча отурум дагы жылдырылды

Бишкектин административдик соту Маданият министрлигинин «Азаттык Медианын» сайтын бөгөттөө жөнүндөгү чечимин мыйзамсыз деп табуу боюнча басылманын доо арызы боюнча отурумду кайрадан артка жылдырды.

Отурумду жылдырууга сотко Юстиция министрлигинен «Настоящее Время» телеканалынын Кыргызстанда юридикалык жак катары укуктук макамы жөнүндө жооп келбегени себеп болду. Кийинки отурум 7-мартка белгиленди.

«Азаттыктын» бөгөттөлүшү

«Азаттык» үналгысынын сайты 2022-жылдын октябрда эки айга бөгөттөлгөн. Мындай чечимди Маданият министрлиги кабыл алган. Буга аталган медиада сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган.

Ведомстводон «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалы себеп болгонун билдиришкен.

Маданият министрлиги сюжетте «кастык тилинин элементтери, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар колдонулган» деп эсептейт.

Андан кийин DemirBank коммерциялык банкы УКМКнын талабы менен сот чечимисиз эле «Азаттык Медианын» аталган банктагы эсебин бөгөттөгөн. Банктан эсеп акчаны адалдаштыруу жөнүндө мыйзамынын негизинде бөгөттөлгөнүн билдиришкен.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.

Ал эми январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Арыз берүүгө талаштуу материалдын өчүрүлбөгөнү себеп болгону көрсөтүлгөн. Флай буга алар «өлкөдөгү ишин улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонушарын» айтып жооп узаткан.

Фейк делген кабарлар үчүн ЖМКга карата даттануулар 2021-жылдын августунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынгандан кийин башталган. «Медиа Полиси Институтунун» юристтери фейктер тууралуу мыйзамды «бийликтин аракеттерине көз салып, жарандарга өкмөт кандай иштеп атканын түшүнүүгө жардам берген маалыматтарды ачыктап жаткан ЖМКга каршы административдик ресурс» деп аташкан.

Тема боюнча: Бийликчил журналисттер сайты бөгөттөлгөн «Азатыкка» кантип чабуул жасап жатат?