Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды, ал 7-апрелге чейин жүргүзүлөт

Иллюстративдик сүрөт.

3-марттан тарта Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Каттоо 7-апрелде жыйынтыкталат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектепте билим алгандар үчүн окуу жайларда каттоо борборлору уюштурулат. Ал эми мектепти мурдагы жылдары бүткөндөр шаардык же райондук билим берүү бөлүмдөрүнө кайрыла алышат. Тестирлөөгө www.testing.kg сайтынан да катталса болот.

Каттоодон өтүү үчүн паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, орто билими жөнүндө аттестат (мурун окууну аяктагандар үчүн), каттоо акысы төлөнгөнүн тастыктаган дүмүрчөк, электрондук фотосүрөт керек. Каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 470 сомду түзөт.

2022-жылдан тарта өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөө жылына эки жолу өткөрүлө баштады. Өткөн жылдын ноябрь айында биринчи жолу кышкы ЖРТга катто жүрүп, тестирлөө декабрь айында болгон.

Анда окуу жайларга тапшыруунан босого баллы 110, ал эми предметтик тесттики 60 деп белгиленген. Быйыл босого балл өзгөрөбү-жокпу азырынча белгисиз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кышкы кабыл алуу: Өлкөдө абитуриенттерге экинчи жолку ЖРТ өткөрүлөт