Кышкы кабыл алуу: Өлкөдө абитуриенттерге экинчи жолку ЖРТ өткөрүлөт

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу жөнүндө буйрук чыкты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, тестирлөө 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт. Жашаган жери боюнча каттоо 17-октябрдан 27-октябрга чейин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн режимде жүргүзүлөт.

Тестирлөөгө мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими барлар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдар гана катыша алат.