Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Нурлан Дарданов дайындалды

Нурлан Дадранов. Сүрөт: «Азаттык»

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Нарбеков кызматын тапшырды. Анын ордуна Нурлан Дарданов облус башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров 4-мартта кол койду.

Нарбеков башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткени айтылды. Ал бул кызматта 2021-жылдын март айынан бери иштеп келген.

Ал эми 4-мартта Дардановду облустук администрациянын жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Дарданов Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев менен аталаш тууган экенин «Азаттыкка» ырастап, бул кызматка «тааныш-билиши аркылуу менен келди» деген сөздөрдү четке какты.

48 жаштагы Нурлан Дадранов Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында туулган. Ал 1996-жылы Улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.

1993-2018-жылдары Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарында жана жетекчилик кызматтарда иштеген. 2018-2020-жылдары ал башкы прокурордун биринчи орун басары болгон. Ал эми соңку эки жылдан бери Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп иштеп келген.