Көзү азиз кыргыз спортчулары паратриатлон боюнча дүйнөлүк кубокто алтын жана күмүш байге утушту

Кыргызстандык спортчулар 3-4-мартта Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарындаа өткөн паратриатлон боюнча дүйнөлүк кубокто эки медаль утушту. Sport.kg интернет-порталынын маалыматына ылайык, бул кыргыз спортунун тарыхында кыргыз спортчулары паратриатлон боюнча дүйнөлүк кубокто утуп келген алгачкы медалдар.

Гүлназ Жүзбаева жана аны коштоп жүрүүчү лидер спортчу Юлия Фернас «Көзү азиз аялдар» категориясында алтын медаль, ал эми Айтунук Жоомарт кызы жана анын лидер спортчусу Алина Меримянина күмүш медаль утушту.

Сүрөт депутат Дастан Бекешевдин Фейсбук барагынан алынды.

Ал эми «Көзү азиз кишилер» категориясында болсо Дастан Камчыбеков жана аны коштоочу спортчусу Артём Шапилов төртүнчү, ал эми Жалалидин Абдувалиев жана анын коштоочу спортчусу Андрей Ханадеев бешинчи болуп марага жетишкен.