Зордуктоодон кийин өз жанын кыйган 13 жашар кыздын иши: Шектүү, эки тергөөчү жана эксперт кармалды

Эмне болду эле?

2023-жылдын 7-мартында бир нече маалымат каражаты өздүк булактарына таянып, Бишкекте 13-жашар кыз зордукталган учурдан беш ай өткөн соң өз жанын кыйганын билдиришкен. Журналисттер зордуктоого шектелген киши жана милициянын эки кызматкери кармалганын дагы жазышкан.

Бул окуя качан болгон?

2021-жылдын ноябрында милицияга 13 жашар карындашы жоголгонун айтып бир бала кайрылган. Милиция кызды үч күндөн кийин тапкан — ал зордукталганы белгилүү болгон. Укук коргоо орган кызматкерлери жабырлануучуну суракка алып, кылмыш ишин козгоп, тийиштүү экспертизаларды дайындашкан. Бирок алар шектүүнү камакка албай, ишти жаап салышкан

«Милиция кызматкерлери кызды бир эле сурашып, кылмыш ишин козгоп, бирок шектүүнү камакка албай коюшуптур. Андан тышкары, алдын ала маалыматка ылайык, тергөөчүлөр документтерди — кыздын сурак берген протоколун жана экспертизанын корутундусун жасалмалашкан», — деп билдирди 24.kg сайты.

Ал эми 2022-жылдын апрелинде жабыркаган кыз өз жанын кыйган.

Кармоо иштери качан жүргүзүлгөн?

Башкы прокуратурадан «Клоопко» бул иш боюнча териштирүү болгонун маалымдашты. Башкы прокуратура кыздын зордукталышы боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө ишин Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына тапшырды. Кызды зордуктоого шектелген киши 2023-жылдын 23-январында кармалып, камакка алынган.

Мындан тышкары, Башкы прокуратура Ленин РИИБдин кызматкерлерине жана медицина кызматкерине «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Далилдерди жасалмалоо» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

2023-жылы опер кызматкерлер соттук медициналык экспертти жана Ленин РИИБдин эки тергөөчүсүн кармап, баарын камакка алган.

Балдарга карата зомбулук фактыларына байланыштуу кайсыл даректер боюнча кайрылса болот?

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында Балдарга жардам берүү борбору иштейт. Ал жакка төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: +996773192099 жана +996707079597.

Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

  • Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934
  • Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288
  • Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163.
  • Телефондор: 03922 50405, 03922 50212
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33.